Бүгүн, 22-августта Аксы районунун Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арачыларынын жолугушуусунда өзбек тараптан эки талап коюлганын Чек ара кызматынан кабарлашты. Өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычынын жанынан кармалган Өзбекстандын ИИМ кызматкерин бошотууну жана суу сактагычтан Кыргыз мамлекетинин милиция постун алып салууну талап кылды. Жыйынтыгында коюлган талаптарды эки өлкөнүн тийиштүү органдарына жеткирүү чечимине келишти. Учурда чек арада абал туруктуу экендиги кабарланды.
Эскерте кетсек, Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы Советтер Союзунун учурунда курулуп, ошондон бери коңшу Өзбекстан өлкөсү пайдаланып келген. Суу сактагыч чек арадан 13 чакырым бери жайгашкан. 2016-жылдын май айында Өзбекстан пайдаланып жаткан бир катар объектилер мамлекеттин менчигине өткөн. Алардын арасында Орто-Токой суу сактагычы да бар болчу.