Жалал-Абад шаарында элдин ынтымагын чыңдаган жолугушуу өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарында элдин ынтымагын чыңдаган жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тарых жана маданият жылына карата Ички иштер министрлигинин иш мерчемине ылайык, Жалал-Абад жана Талас элинин достугун бекемдеген “Ынтымагы бар элдин ырыскысы кенен” деген аталышта республикалык маанидеги иш-чара өткөрүлдү. Ага Талас облусунан келген жаштар, активист аялдар, дин өкүлдөрү, коомдук уюмдар, ИИМдин ардагерлери, милиция кызматкерлери катышты.

"Ынтымак менен достукту чыңдаган иш-чаранын эң негизги максаты - жаштар жана окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, жаштардын ынтымагын чыңдоо, мекенчилдикке жана патриоттуулукка тарбиялоо", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Иш-чаранын соңунда сергек жашоого үндөгөн спорттук мелдеш уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан