23-25-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 22-августунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүү жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.