40 жылга жакын жарык ааламды көрбөгөн Гүлсүнай Чутаева бешик жабдыктарын жасап кошумча каражат табат

Турмушта ар кимдин маңдайына түрдүү сыноо берилип, тагдыр жазылары белгилүү. Жарык дүйнөнү көрүп жашоонун өзү рахат экенин айрым адамдар таназарына албашы мүмкүн. Бир өмүр күндүн жарык нурун көрүүнү эңсеп, арман кылган Гүлсүнай Чутаева менен баарлаштык.

Каарманыбыз Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын тургуну. 1958-жылы туулган. 10 жашында көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. 35-40 жылдан бери жарык ааламды көрө албай арман кылып келет. Каарманыбыз жылып бараткан караанды гана көрө алгандыктан, адамдарды жана жакындарын тааный албастыгын айтат.

"Бала кезимде менингит оорусуна чалдыгып, катуу ооруп калган экенмин. Ата-энем дарылайбыз деп ооруканаларга, бүбү-бакшыларга алып барып дарылатышкан. Ал учурда (1968-1973-жылдары) азыркыдай жетишкен медицина болгон эмес окшойт. Ата-энемдин аракети текке кетип, дарыгерлердин жардамы тийген жок. Алгач көзүм бозоруп көрүп, кийинчерээк жылдардын өтүшү менен тунарып көрбөй калды. Шыкаалап жатып көлөмдүү караанды гана көрө алам. Эми минтип жашым өткөн сайын көрүү мүмкүнчүлүгүм ого бетер төмөндөп баратат", - дейт Чутаева.

Туугандарын үнүнөн тааныйт. Ал эми буюмдарды кармалап билет.
"35-40 жыл мурда көрүп жүргөн адамдардын жүзүн бала боюнча элестетем, анткени алар ал убакта жаш болчу", - дейт Чутаева.

Көзү көрбөй жакындарынын жетегинде калган Гүлсүнай Чутаева аскерден жаракат алып, бети, колдору күйгөн 1-топтогу майып Жаныш Курбановго турмушка чыккан. Көп жылдар бою чогуу жашап, жалгыз уулдуу болушкан. Каарманыбыздын айтымында, жолдошунун майыптыгын 1970-жылы абалы жакшырды деген тыянак менен жокко чыгарышкан.

"Майыптыгым үчүн өкмөттөн 3 миң сом акча алам. Бул каражат турмуштук керектөөлөргө жетпей калат. Көпчүлүк убактым бекерге өтөт. Мындан улам кандайдыр бир иш менен алектенүүгө аракет кылам. Бир топ жылдардан бери бешиктин жабдууларын жасайм. Мен бул өнөрдү бала кезимде апамдан көрүп үйрөнгөм. Жасаган буюмдарыма буйрутма кылгандар нааразы кылбай эмгек акымды берип кетишет", - дейт Чутаева.

Гүлсүнай Чутаеванын көзү көрбөсө да, бешик жабдыктарын чеберчилик менен жасаарын кошунасы баса белгиледи.

"Мен бул үй-бүлөнү абдан жакшы билемин. Гүлсүнай айым абдан мээнеткеч, тырышчаак инсан. Көзү көрбөсө да, башкаларга салыштырмалуу бешиктин айрым жабдууларын токуп сатат. Айылда бешик жасоо аракетин көргөндөр ушул Гүлсүнай айымга келишет. Бешик боосу менен борткону жасоо үчүн кардарлар жип жана атайын материалдарын алып келип беришет", - деди кошунасы Бүсара Канаева.

Бешик боолору жана бортко - бешикке баланы бөлөөдө пайдалануучу каражат. Бешикке ылайыкталып өрүлгөн боону илгери көчмөндөр журт көчүрүүдө жүктөрдү төөгө жана жылкыга жүктөп, жүктү байлоого да пайдаланышкан.

Бортко - баланы байлоо үчүн жумшак кездемеден тигилген жазы курлар. Бала муну менен эки жеринен: тизесинен жана төшүнөн таңылат. Төшүн таңуучу бортко узунураак жана кененирээк болсо, бутун таңуучу бортко кыска жана ичке болот.

Чутаеванын айтымында, көзү көрбөгөн адамдын сезүү жөндөмдүүлүгү өөрчүп кетет. Ал үйдөгү жана кошуна жашаган жакын адамдарын басып келе жаткандагы дабышынан билет. Анткени кайсы бир адам басканда дайыма окшош кыймыл жасап, кадам шилтеши кулакка жатталып каларын айтат.

Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев Гүлсүнай Чутаевага жардам көрсөтүлүп турарын айтты.

"Гүлсүнай Чутаева биздин айыл аймакта каттоодо турат. Ал инсан көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Биз бул тургунга жыл сайын Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин күнүндө, 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамында акчалай да, материалдык да жардам көргөзүп турабыз. Мындан сырткары айыл өкмөтүнүн адистерине көзөмөл кылып турууга буйрук берилген. Жыл сайын мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша 1000-1200 сомго чейин жардам берип турабыз", - дейт 1-Май айыл аймагынын башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
balykchy2012
2016-08-23 16:10:13
Аллах ыраазы болсун сизден.Онорунуз оркундосун дагыда чоон ийгиликтерге жетишиниз.Аллах бекем ден соолук жана куч берсин.
+7
aibi8984
2016-08-23 18:46:12
уулу кайда?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан