АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптын жубайы Меланья Трамп “Daily Mail” гезитин сотко берди

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптын жубайы Меланья Трамп “Daily Mail” гезитин 1990-жылдары экскорт кызмат көргөзгөндүгү тууралуу маалыматтарды чыгаргандыгы үчүн сотко берди. Сотко берилген доо арызда “айтылгандар жана жазылгандар 100 пайыз калп” деп айтылган. Ошондой эле 1990-жылдагы Меланья Трамптын ишинен тышкары АКШнын жараны болгонго чейинки жарандыгы тууралуу ММКлар жазып чыгышкан.

Буга себепкер конгрессмен-демократ Ксавье Бесерра Дональд Трамптын жубайынын кайдан келип, кандай жол менен америкалык болгонун эске салып, Трамптын миграциялык саясатын кескин сынга алган. Меланья Трамп Славениянын Севниц шаарында төрөлүп, кийин АКШнын жарандыгын алган.

Эске салсак, Дональд Трамп миграциялык саясатты катуу жүргүзөрүн жана Мексика менен АКШнын ортосунда чеп курарын байма-бай айтып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuyoo_bala
2016-08-25 16:50:25
Американын Жириновскийи))).Отпойт президенттикке бул
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан