Окурман тарабынан түшкөн суроого жооп алуу максатында Өзбекстандагы Барак айыл өкмөтүнүн башчысы Буркан Аширов менен байланыштык. Айыл башчы эксклавда учурда 276 кыргыз кожолугу катталганын бүгүн, 23-августта SUPER.KG порталына кабарлады.
"Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак эксклавында 276 кожолук катталган. Айылдын жашоочуларына чек арадан өтүү гана кыйынчылык жаратпаса, өзбек тараптан кысым деле болбойт. Бир тараптуу жол жабылып, мурда Ак-Таш аркылуу өтчү жолубуз 2,5 чакырым болсо, азыр Кызыл-Кыя аркылуу 300 чакырым жүрөбүз. Ортодо блокпосттор бар, аскерлер тиешелүү иштерин жүргүзгүчө убакыт созулуп калат, бирок уруп-согуп кысым көрсөтүшкөн окуялар каттала элек. Тескерисинче, жаз айларында айдоо жумуштарына техникаларды, күз маалында комбайн, канал казганга экскаватор берүүнү суранып кайрылсак, жиберип турушат", - дейт айыл башчы.
Буркан Аширов Кыргыз өлкөсүнүн аймагына көчүп кеткендер бар болгону менен, эксклавдан эч качан көчүп кетпей турган патриоттор да бар экенин кошумчалады: "Жакында эле жаштар үчүн Кара-Суу районундагы Беш-Үй айылында жер тилкелери берилген. Көчүп кеткендер бар, бирок туруктуу болуп, ушул жерди кармап калабыз, ушул жерде жашайбыз деп, чыныгы патриоттуулук сезими менен жашаган кыргыздар бар".
Ал эми учурда Үңкүр-Тоо боюнча маселе эксклавдын жашоочуларына зыяны тийбегенин Барак айыл өкмөтүнүн айыл башчысы айтты. "Үңкүр-Тоо боюнча маселе мамлекеттик деңгээлдеги иш болгондуктан, карапайым элге зыянын тийгизе элек. "Карапайым элде эмне күнөө?" деп бизге унчугушпайт деле", - деди Буркан Аширов.