Кытайлык аял 17 айдан бери кош бойлуу

Кытайдын Хунань провинциясынын жашоочусу кош бойлуулуктун мезгили боюнча дүйнөлүк рекорд койгону айтылууда, себеби ал 17 айдан бери кош бойлуу. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ван Шинин боюна өткөн жылдын февраль айында бүткөн. Дарыгерлер төрөт 15-ноябрда өтөрүн айтышкан, бирок наристе жарык дүйнөгө келүүгө шашылган эмес. Тынчсызданган Ван Ши ар жума сайын ооруканада текшерүүдөн өтүп баштаган. Бала толук өсүп жетиле элек болгондуктан, 14-айында операция жолу менен төрөтүп алууга мүмкүн болгон эмес.

"Эксперттердин айтымында, 13-айдан кийин деле төрөгөн аялдар бар экен, бирок 17-айдан кийин эмес. Алар бул нерсенин себебин түшүндүрө албай жатышат", - деп билдирген Шинин жолдошу.

Маалыматтарда эненин ден соолугу жакшы экендиги, баланын салмагы учурда 3 килограмм 800 граммды түзөрү айтылат. Ошондой эле Шини кош бойлуулугунун 18-айында операция жолу менен төрөтүп алышары жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
ilgis1991
2016-08-23 14:00:13
Суперстандагы шумдугун кургур деген болумго жылдырып койсо болгудай экен.
+4
M89
2016-08-23 14:00:49
Шумдугун кургур. Бул дагы неси? Бирок мен ушуга окшогон маалымат окугам. Ал аялдын курсагындагы бала олуп, 25 жыл ичинде журо берген экен. Кийин олукту операция жолу менен алышкан.
0
Mers124
2016-08-23 14:06:00
Дүйнөлүк калптардымжазбай эле койгулачы
-14
Keremet008
2016-08-23 14:14:00
Менин женем эки уулун тең 11 ай которуп тороду. 3- кызын эртеле тороду
+2
bema_bema
2016-08-23 14:23:40
Keremet008 Женениз больницага барган эмеспи 11 ай болгуча врачтар не деген.
+3
Keremet008
2016-08-23 15:16:20
bema_bema, врачка барган норма эле экен дешкен бирок толгоону күтөбүз деген кийин толгоону күтүп жүрүп 11 ай дегенде эсен аман төрөдү. Эл катары эле өтө деле чоң эмес 3 кгдан ашык төрөдү окшойт
0
maks.kg.11
2016-08-23 14:19:36
Бул дуйнодо баардык нерсе алла тааланын колунда,ал кааласа болот,каалабаса болбойт.Булда бир мисал.
+11
lolo.1
2016-08-23 14:19:56
Только тоонун этин жесе керекда )
+4
Nurkyz1977
2016-08-23 14:20:05
Бала ичтен соок болуп оспой калат деген создор айтылып эле журот ошондой болсо керек да соок болуп кайра осуп кеч жетилип торогон убактар илгери деле болгон буга тан калыштын деле кереги жок. Менин да таенем бир баласын соок болуп анан аюунун этин жеп жылуусу менен терисин жамынып ырымдап анан балам осуп торогом ушу тайкенерди бир жылдан ашык которгом деп калчу.
+1
chinara88
2016-08-23 15:01:44
Кудай сактай кор
0
Keremet008
2016-08-23 15:19:55
Бирок ырым- жырымда төөнүн жүнүнө жатпаш керек,12 ай көтөрүп каласың же 12 жыл боюңа бүтпөй калат дешет го. Аны көзгө илбей эле жаңы үйлөнгөнүбүздө сепке кошуп төөнүн жүнүнөн жасалган плеттерди берип атышат го,жабынып эле жатып атабыз го
0
nastinbaba89
2016-08-23 15:28:12
Кудайдын кудирети
+1
OMURBEK.
2016-08-23 16:30:34
Чыксам ал жак да жакшы эмес уруш атыш проблема
ач кулак тынч кулак бул жакта эле жатайын десе керекда
+4
Beko87
2016-08-23 16:39:41
OMURBEK.,менда ошону айтайын дедим эле.кытайлар копбуз десе керекда)))
+2
lolo.1
2016-08-23 16:45:21
OMURBEK.,неге проблема?ошончо миллиондун ичинен адам
болуп жарыка чыгып жашап калыш да жетишкендик
+1
muni77
2016-08-24 15:27:52
ичинен жакында суйлоп тушотко наристе.. :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан