Аксыда Үңкүр-Тоо маселесин чечүү талабы менен райондук администрациянын алдына 100гө жакын адам чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Алтын Кутманов билдирди.
"Жергиликтүү тургундар Үңкүр-Тоо маселесин чечүү талабы менен чыгышты. Чогулган эл менен район акими Медет Айдаралиев жолугушту. Бүгүнкү күндө Делимитация жана демаркация комиссиясы Аксыга келип, Үңкүр-Тоону жеринде көрөт. Ал эми элге абалдын тынч экендигин түшүндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, алар тарап кетишти", - деп билдирди Кутманов.
Маалым болгондой, администрациянын алдына чыккандар өзбек милиция кызматкерлеринин Үңкүр-Тоо аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.
Үңкүр-Тоону коргоо комитетинин мүчөсү Шекербек Камчыбек уулунун айтымында, учурда Үңкүр-Тоодогу телерадиостанцияда иштеп жаткан 4 кызматкер 22-августтан бери өзбек милиция кызматкерлери тосуп турган аймактан чыга элек.
Эскерте кетсек, 22-августта Өзбекстан тик учак менен 7 милиция кызматкерин Үңкүр-Тоодогу Кыргыз Республикасы пайдаланып жүргөн, такталбаган аймакка түшүргөн.