2015-жылы өкмөт тарабынан атайын мектеп формалары бекитилип, фасонун тандоо укугу мектептер менен ата-энелерге берилген. Бүгүнкү күндө мектеп формаларынын сапатына жана баасына нааразы болгон ата-энелердин саны аз эмес. Ал эми айрым мектеп директорлору ата-энелерди формаларды сатып алууга милдеттендирип жаткан учурлар да кездешүүдө. Андай окуяга кабылгандардын бири бүгүн, 23-августта SUPER.KG порталына кайрылды.
"Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Орто-Өрүктү айылынын Жапар Сабиров атындагы орто мектебинин директору ата-энелерди атайын форма сатып алууга милдеттендирип жатат. Буга чейин окуучулар жакшынакай эле көйнөк-фартук кийип барышчу. Бул форманын баасы мен үчүн кымбат. Биз атайын форманы алып берүүгө милдеттүүбүзбү?" - деген суроосун берди тургун.
Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине байланышканыбызда, атайын форманы сатып алууга ата-энелер милдеттүү эмес экенин билдиришти.
"Атайын форма бекитилген. Окуучулар үчүн формалардын түрлөрү сунушталган. Андан тышкары башка түстөгү түрдүү (көк, кара, боз, кочкул кызыл; "асты кара, үстү ак" классикалык варианты, ак фартук менен көк же кара көйнөк, ак көйнөк менен кара-боз чакмактуу юбкалар жана башкалар) формалар да стандартка кирип, ар бир мектеп ата-энелер комитети менен биргеликте аларга ылайыгы келген форманы тандап алышат. Ал эми мектеп директорлору ата-энелерди атайын форма сатып алууга милдеттендиргенге укугу жок", - деп билдиришти басма сөз кызматы.
Ысык-Көл районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абирова бул маселе тууралуу жыйын болгонун айтты.
"Бул маселе тууралуу кечээ эле мектеп директорлору менен сүйлөшүп, ата-энелер милдеттүү эместигин түшүндүргөнбүз. Бүгүн дагы кошумчалап түшүндүрүү иштерин кайталап жүргүзөбүз", - деди Дамира Абирова.