Базар-Коргон районунда 70тен ашуун жетим балдар окуу куралдары менен камсыз болушту

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 70тен ашуун жетим балдар окуу куралдары менен камсыз болушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жетим балдар үчүн кайрымдуулук акциясына район жетекчилери, милиция кызматкерлери, дин өкүлдөрү катышты.

"Кайрымдуулук иш-чарасынын жүрүшүндө 20дан ашуун даярдык курсуна камданып жаткан балдарга акчалай жардам көрсөтүлдү. Жетим балдарга белек жана кайрымдуулук кылуудан сырткары балдарга арналып жылуу сөздөр айтылып, коомчулукту балдарга камкор болууга үндөгөн чакырыктар жасалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан