Аламүдүн районунун Маевка айылында асыл тукум багытындагы кочкорлорду көбөйтүү максатында семинар өткөрүлдү

Аламүдүн районунун Маевка айылында асыл тукум багытындагы кочкорлорду көбөйтүү максатында семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, көргөзмөгө 50 баш асыл тукум багытындагы жүндүү кочкорлор алынып келинген.

"Иш-чаранын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде асыл тукум багытындагы кочкорлорду көбөйтүп, сандан сапатка өтүү, фермерлер арасында тажрыйба алмашуу. Көргөзмөгө 140 килограмм салмактагы кочкорлор алынып келинди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө арналган көргөзмөгө Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарынан келген фермерлер катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ICHOMTAY
2016-08-24 10:48:10
Буларынар жакшыкен а Акаевдын убагындаг австрия жактан алынып келинген ушундай парода коилор кайда деги самалет менен алдырып элдин кою деп суюндургон болчу ал кимден короосуна кирип кеттикен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан