Филиппиндик балыкчы 100 миллион долларлык берметти 10 жыл үйүндө жашырып жүргөн

Филиппиндин Палаван аралындагы балыкчы 10 жыл бою дүйнөдөгү эң чоң бермет катары таанылчу берметти керебетинин алдында жашырып жүргөн. Балыкчы берметти 2006-жылы деңиздеги катуу шамал болгон учурда таап алган. Ошондон кийин аны талисман деп эсептеп, эч кимге көрсөтпөй жашырып жүргөн. Табылган бермет 34 килограммды түзүп, болжол менен 100 миллион долларга бааланууда, бирок балыкчы анын мынчалык баалуу экенин билген эмес. Ал өзү жашаган алачык күйүп кеткенден кийин гана табылгасын башкаларга көрсөтүүнү чечкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарда жогорудагы табылга буга чейин табылган берметтерден 5 эсе чоңдук кылары айтылат. Ал эми берметти таап алган балыкчыга кандай сыйлык берилгени белгисиз. Пуэрто-Принсеса шаарынын бийлиги берметти келген эс алуучуларды кызыктыруу жана көңүлүн бурдуруу үчүн сактап коюуну чечкени маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zezim2000
2016-08-24 10:58:34
Алтын балык кармаган балыкчысымал,мындай окуя кылымда 1 болору анык
+10
aiba_00
2016-08-24 11:44:46
Алачыгы куйуп кетсе, алтын балыктагыдай байыды бекен, 100 000 миллион деген эмне деген акча,
+2
sharolli
2016-08-24 11:50:56
Мына сага жашоодогу чыныгы "Алтын балык" Эми байкуш чалга 100 миллион долларга жакын кылып берсин эми
кичине бир деме менен алдап тартып албай
+4
adisum
2016-08-24 21:33:07
Принцесса
0
sabyr86
2016-08-24 22:09:28
Бербейт 100миллион ал жөн эле баасы ошончо турат дегенди билдирет,бирок сатылбайт.
0
Kuyoo_bala
2016-08-25 16:34:15
Балыкчынын алтын башы аман болсун,анча акчаны уккан каракчылар чокусуна бир коюп олтуруп коюшу мумкун.Мисалы "Бриллиант жылан" канча адамдын омурун алды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан