“Ислам мамлекети” деп аталган террордук топ Түркиянын Анталия шаарында бир нече чабуул кыларын 2015-жылы Анкарадагы террактын уюштуруучусунун үйүнөн табылган документтерден билингенин "Cumhuriyet" гезити жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, биринчи кезекте эс алуучу жайларды жана чет элдик туристтер көп жүргөн жерлерди жардырууну пландашкан. Мындан тышкары күрд партияларынын кеңселери жана өкмөттүк эмес "Rotary International" уюмунун клубдары террорчулардын максаты болгону да жазылган.
Гезит террордук топ кеминде 150 кишини Түркиядагы чабуулдарды ишке ашыруу үчүн даярдаганын билдирип, анын ичинде жан кечтилер дагы бар экенин маалымдаган.