Бишкек шаарынын Свердлов районуна Эгемендүүлүк майрамына карата 5 миң даана гүл отургузулду (фото)

Бишкек шаарынын Свердлов району Эгемендүүлүк майрамына карата 5 миң даана гүл отургузду. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын "Жашылдандыруу-курулуш" муниципалдык ишканасынын адиси Үмүтжан Иметалиева билдирди.

"Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата гүлдөрдү тигүү иштери кызуу жүрүүдө. Ушул күнгө чейин майрамга даярдык көрүү боюнча 5 миң даана гүл отургузулду. Бул гүлдөр жазында отургузулган гүл аянттарындагы гүл бакчаларын жаңылоо жана толуктоо максатында ишке ашып жатат", - деп билдирди Иметалиева.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын жаз мезгилинен бери борбор калаанын Свердлов районуна 190 миң даана сальвия, тагетес, георгин, герань сыяктуу гүлдөр отургузулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
omka100514
2016-08-24 13:04:36
ушуну майрамга чейин эле жаз алды менен бажырайиып шаардын көркүнө көрк кошуп отургущуп койушса не болот эле
0
Alixan-Nookat.2015
2016-08-24 13:06:49
Канча млн сом кетти экен
0
ainur78007
2016-08-25 00:16:21
Эх гулдор силерге суйунуп суктанайын десем,чек ара журокту эзип атат(((
+2
Sagy
2016-08-25 01:10:17
Ункур Тоонун гулдорун кочуруп келгендей..
0
Sagy
2016-08-25 01:10:47
Бирок мэр молодес!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан