SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кандай адамдар үй-бүлөсү бар экенин билип туруп ойнош болуп алышат?" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Жолдошум экөөбүз 4 жылдан бери бактылуу эле жашап жүргөнбүз. Ортобузда 1 кыз, 1 уул бар. Ар дайым менин гана жанымда болчу, үйгө келбей калган учур болгон эмес. Бир күнү досторун шылтоолоп үйгө келбей калды. Мен эмнегедир башкача бир нерсени сезип турдум, себеби мени эч качан алдаган эмес, алдаганды деле билбейт болчу. Мен анын айткан сөздөрүнө ишенбей баарын териштирип, "Кайсы досуң менен болдуң?" деген суроомо жооп бере албай калды. Анткени мен анын досторунун баарын тааныйм. Ошол күндөн баштап үйүбүздө күнүгө уруш-талаш чыкмай болду. Кайсы кафеде отурганын билип, ал жакка бардым. Официанттардан сураштырып сүйлөшкөнүмдө, күйөөм бир аял жана 15 жаштардагы кыз менен келип отуруп кетишкенин айтышты". (Окуянын башы гана жазылды)
Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Ойнош болгон аял менен эркекти исламдын шартына таянып жазаласа болот. Бирок биз, кыргыз эли, андайды жасай албайбыз. Ал эми сизге сабыр тилейм".
"Эркектер ар кайсы нерсени айта беришет. Бул сиздин гана жашооңуз, андыктан бир нерсе деп айтуу кыйын".
"Эми өзүңүзгө "Жолдошумдун ойнош күткөнүнө эмне себеп болду?" деген суроону берип көрүңүз. Эгер жообун туура тапсаңыз, үй-бүлөнү сактайсыз, таппасаңыз, айла жок".
"Эмнеге аялы күнөөнү өзүнөн издеши керек? Күнөө ойнош болуп алган адамда жана күйөө сөрөйдө. Сүйлөшпөйм деп айткан сөзүнө ишенбей эле койгонуңуз туура. Ал аялга телефон чалып, болгон оюңузду, сөзүңүздү айтыңыз. Эркек өзү токтолгусу келгенде, токтойт экен. Аны бала менен коркутсаң да жыйынтык чыкпайт. Башымдан өткөн үчүн жазып жатам".
Талкууга кошулуп, окуяны толугу менен окугуңуз келсе, бул жакка кириңиз.