Бүгүн, 24-августта Ош шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Күн тартибинде жалпысынан 22 маселе каралып, алардын негизгилеринин бири Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасы болгону маалымдалды.
“Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасында мектеп, балдар бакчалары жетишсиз аймактарга социалдык объектилерди куруу камтылган. Мындан тышкары таза суу көйгөйүн чечүү, жол маселелери, жагымдуу чөйрөнү түзүү, курулуш тармактарын жөнгө салуу, инвестиция, ишкерлерге колдоо көрсөтүү сыяктуу көптөгөн долбоорлор иштелип чыгып, программага камтылды”, - деди А.Кадырбаев.
"Белгилей кетсек, Ош шаарын 2016-2020-жылдардагы өнүктүрүү программасынын приоритеттүү 5 багыты төмөнкүлөр: