Бишкекте жол эрежесин сактоого чакырган "Автоледи" аталышындагы сынак өтүүдө

Бүгүн, 24-августта Бишкекте "Автоледи" аталышындагы сынак өтүүдө. Иш-чарага катышып жаткан кыздар жолдо жүрүү эрежелерин көрсөтүп жатышат. Сынак жол эрежелерин сактоого чакырык катары Бишкек шаардык патрулдук милициясы тарабынан уюштурулган.

"Иш-чарада катышуучу кыздар жол белгилеринин түшүндүрмөсүн жана унаанын айрым тетиктеринин аттарын атап беришет. Ал эми байкерлер өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Мындан сырткары катышуучуларга жол кыймылына байланыштуу суроолор берилет", - дейт Бишкек шаардык патрулдук милициясынын башчысынын орун басары Сейит Бейшеналиев.

Маалыматка ылайык, буга чейин "Автоледи" сынагынын тандоо туруна 50 кыз катышып, алардын ичинен 10 кыз жеңүүчү деп табылган. Жеңүүчү аталган кыздар борбор калаадагы бүгүнкү сынакка катышмакчы.

"Акыркы убакта айымдар арасында жол эрежесин бузган көрүнүштөр көп болуп жаткандыктан, ушул иш-чараны өткөрүп жатабыз. Мелдештин катышуучуларына бир канча суроо-тапшырмалар берилет. Бул иш-чарадан башкалар да сабак алат деген ойдомун", - дейт Бишкек шаардык патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев.

Катышуучу кыздар өз унаалары жөнүндө маалымат беришип, көрөрмандарга жол эрежелерин сактоо зарылчылыгын айтышты. Ошондой эле алар сынактын алкагында бий бийлеп беришти. Алардын өнөрлөрүн атайын дайындалган калыстар тобу баалайт.

"Автоледи" сынагында белгилүү эстрада ырчысы Асел Турдалиева жана бокс боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров калыстык кылды. Мындан сырткары Юлия Руцкая көрүүчүлөргө көтөрүңкү маанай тартуулап, жагымдуу чыгарма аткарып берди.

"Автоледи" сынагынын башталышы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан