Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагындагы мыйзамсыз орнотулган жеңил конструкциядагы курулуштар Муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгы тарабынан алынып жатканын бүгүн, 24-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Жыл башынан баштап шаар тургундарынын арыздануусунун негизинде жана Мүлк башкаруу башкармалыгы менен Бишкек башкы архитектурасы берген тизмеге ылайык, 120 мыйзамсыз жеңил курулуш алынды", - деп айтылат маалыматта.