Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 16 миллиард 870 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 533 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 349 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда суу сактагычта 12 миллиард 300 миллион метр кубдан ашуун суу бар болчу.