Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 24-августта Италиянын президенти Серж Маттареллага өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү адамдын өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.
Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Атамбаев телеграммасында өзүнүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан курман болгондордун жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, ошондой эле жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди.
23-августтан 24-августка караган түнү 6 баллдан ашкан жер титирөөдөн Италиянын Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарларындагы имараттар зыянга учурады. Кеминде 38 адам каза таап, 100гө жакыны дайынсыз болуп жатканы айтылган.