Канада өлкөсүнүн бийлиги ислам динин туткан аял-полиция кызматкерлерине хиджаб кийүүгө уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Аталган өлкөнүн Коомдук коопсуздукту сактоо боюнча министрлигинин өкүлү Скотт Бардслинин айтымында, хиджаб кийүүгө уруксат берүүнүн максаты мусулман аялдарынын укук коргоо органдарына келүүсүнө мотивация берүү, кызыктыруу болгон.
Маалыматтарга караганда, уруксат берүүдөн мурда жетекчилик хиджабдын 3 түрүн тестирлөөдөн өткөргөн. Жыйынтыгында полиция кызматкеринин кийими ыңгайлуу да болушу керектиги эске алынып, хиджабдын баш кийимин гана тандап алышкан.