Жалал-Абад облусунан ажылык сапарга аттанган 250 зыяратчы 24-августта таңкы саат 03:40та "Ош" Эл аралык аэропортунан Медина шаарына учуп кетишкенин муфтияттан кабарлашты. Сапарга узатуу
иш-чарасына Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз Закиров, Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев катышты. Жалал-Абад облусунун казысы зыяратчыларга парз амалдарын аткарууда сабырдуу болуп, коштоп барган ажы башчыларынын уруксаты жок эч кайда чыкпоого жана тартипти сактоого чакырды.
Белгилей кетсек, быйыл ажылык сапарга барган 3565 кыргыз жараны да коопсуздуктун алдын алуу үчүн электрондук билерик тагынат. Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги 2016-жылы зыяратчыларга атайын электрондук билерик тагынуу талабын койгон.