Үңкүр-Тоодогу абал өзгөрүүсүз жагдайда турганын 25-августта SUPER.KG.'ге Чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Маалымат бөлүмүнүн өкүлүнүн айтканына таянсак, чек ара режими күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнүп жатат. "Телемунаранын Өзбекстанда кармалып турган 4 кызматкерин бошотуп алуу боюнча сүйлөшүүлөр облустук деңгээлде улантылып жатат. Азырынча эч кандай натыйжа боло элек", - деп жооп айтты мекеме өкүлү.
Эскерте кетсек, 22-августта Өзбекстандын 7 милиция кызматкери тик учак менен Үңкүр-Тоого келип, 13-августта кармалган ИИМ кызматкерин бошотуу талабын коюп, кыргыз чек арачылары менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле жолугушууда Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынан Кыргыз мамлекетинин милиция постун алып салууну талап кылышкан. Алардын талабына ылайык, Өзбекстандын ИИМ кызматкери бошотулган. Бирок Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеген 4 кызматкерди кармап кетип, камап коюшкан.