"Жаңгак тоннели" менен белгилүү Биринчи Май айылы (фоторепортаж)

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Биринчи Май айылы уникалдуу "жаңгак тоннели" менен белгилүү. "Жаңгак тоннели" деп расмий аталыш албаганы менен, көпчүлүккө ушундай ат менен белгилүү. Узундугу 2,5 чакырымдан ашуун. Ал Арстанбап, Кызыл-Үңкүр айылдарына кеткен жолдо жайгашкан. 1990-жылдары айланасына отурукташууга уруксат берилип, эл жаңгактардын айланасына үй кура баштаган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар өздөрүнө бөлүнгөн жаңгакты терип алышат. Ошондой эле жаз мезгилинде дарактарды актап, аяр мамиле кылууга милдеттүү. Жадакалса өз алдынча кыюуга да тыюу салынган. Ал эми куураган жаңгак дарагын айыл өкмөттөн атайын адамдар келишип, акт түзүп, анан өздөрү кыйып алып кетишет. Куурап калган жаңгактардын ордуна жаңылары отургузулат.

Бул жайга алыскы жактардан коноктор, чет өлкөдөн туристтер келип, эстеликке сүрөткө, видеого түшүп кетишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
daniar781121
2016-08-25 17:57:28
Менин айылым коз тийбесин
+2
Adilet_adi
2016-08-25 17:58:03
Биз жакго
+1
zevs
2016-08-25 20:06:01
Ilgeri jakwy ele chynygy tunelge okwop turchu ele azyr el jaygawkandan kiyin tuneldin dele maanisi ketip kalganday
+1
Kuyoo_bala
2016-08-25 22:12:01
Аяр мамиле жасап коздун карегиндей сактоо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан