Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурлан Төрөбеков каза болду

Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты Нурлан Төрөбеков бүгүн, 25-августта каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын жакындары тастыкташты. Экс-депутат кант диабети менен жабыркагандыктан, акыркы күндөрү ооруканада дарыланып жаткан.

Нурлан Төрөбеков 1969-жылы 24-февралда Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн.
1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1988-1989-жылдары Ооганстан Республикасынын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан.
1990-1992-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин роман-герман факультетинин студенти болгон. Нурлан Төрөбеков 1992-1995-жылдары ишкердик иш менен алектенген. Ал эми 1995-жылдын декабрынан тартып Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы болгон.
2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
2010-жылдын октябрында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Нурлан Төрөбеков Даңк медалы (1999-ж.), “За заслуги” ордени (ОФ, 2006-ж.) менен сыйланган, мындан башка Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн 36 өкмөттүк жана коомдук сыйлыктарына ээ болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Abdurahman
2016-08-25 14:04:09
Аллах рахматына алсын,туугандарына сабыр берсин.
+9
altyn2015
2016-08-25 14:18:57
Жаткан жери жайлуу болсун!
+3
Asanovna1805
2016-08-25 14:19:39
Жаткан жери жайлуу болсун
+2
zarlyk2211
2016-08-25 15:14:58
Жаны бейиш төөрүнөн орун алсын.
+2
MUSA.95
2016-08-25 15:46:15
Эим эмне дейбиз!... Арты кайырлуу болсун, жакындарына сабыр берсин.
0
nurii
2016-08-25 16:03:41
Авганистанда болгон эмес, диплому жасалма деп байкуш киши кыжаалатчылык дагы оорусуна кошул ташыл болдубу. Арты кайрылуу болсун. Жакындарына сабыр берсин.
0
Guli000
2016-08-25 16:04:37
Кант диабети мн ооругандарды айыктырса болбойбу?Баарыбир омуру кыска болуп калабы,Билгендер жазып койгулачы,,,?
0
surgeon777
2016-08-25 16:20:29
Guli000,ал диабеттин туруно байланыштуу болот,2туру бар:инсулин зависимый,инсулин не зависимый,биринчиси оор,айыкпайт,бирок врач айтканын кылып,диета соблюдать этип,ичпей-чекпей копко жашаса болот,бирок ооруган киши суусап коп суу иче берет,анан почкасы которо албай калат,дагы башка зыяндуу жактары коп.
0
simone
2016-08-25 16:28:31
Жайы жаннаттан болсун, жаш кетиптир
0
bom.bon
2016-08-25 17:47:34
Жайы жанаттан болсун.Башкаларга сабак болсун!Топтогон байлык калат,Манастай эр журок Чолпонбайдай шер журок болсонор данкынар очпой тарыхта калат!
+1
Biinura
2016-08-25 21:36:49
Жайы жаннаттан болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан