Ош шаарындагы Араван, Ак-Буура каналдарында үч күнгө суу токтотулат

Ош шаарындагы Араван, Ак-Буура каналдарында үч күнгө суу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-27-август күндөрү Араван, Ак-Буура каналдарындагы суу убактылуу токтотулат.

"Ош шаарынын, Кара-Суу жана Араван райондорунун суу пайдалануучуларынын эгин талааларына сугат суу жеткирип берүүнү жакшыртып, сыйымдуулугун жогорулатуу максатында каналда оңдоп, тазалоо жана кеңейтүү иштери жүрүп, убактылуу суу болбойт. Ошондой эле үч күн аралыгында Араван-Ак-Буура каналынын орчундуу тилкелерин 2016-2017-жылдары капиталдык оңдоодон өткөрүп, кеңейтүү жумуштарын аткаруу үчүн долбоор даярдалып, сметалык баалары түзүлмөкчү", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, аталган каналдарга үстүбүздөгү жылдын күз жана 2017-жылдын жаз айларында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
anar8672
2016-08-25 15:02:54
Ошто домдордо да суу жок болобу ?
0
Maks_shop
2016-08-25 15:27:09
домдордо болот ал башка канал
0
edik-kg
2016-08-25 16:15:43
темселеп августта кыдасынарбы кун ыссыкта а жазда кылсанар болбойбу уч кун эгиндер эмне болот суу жок болсо
0
surgeon777
2016-08-25 16:34:13
Озбекстанга отчу сууларбы?
0
Adiletgo
2016-08-25 17:40:13
Төлөйкөндөгү Канал, олдунорго бир жолу, менин огородум эмне болот эми?
0
Lintel
2016-08-26 13:45:55
1айга токтотуш керек. Озбекстанга кетчу каналдыр ушулар. Анан салам салып келишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан