II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 мамлекеттин спортчулары катышат

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 мамлекеттин миңге жакын спортчулары катышууну пландап жатышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы бүгүн, 25-августта билдирди.

"Оюндарга катыша тургандыгын расмий тастыктаган мамлекеттер: Азербайжан, Аргентина, Армения, Бангладеш, Беларусь, Бенин, Ботсвана, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Грузия, Замбия, Зимбабве, Израиль, Индия, Индонезия, Иран, Исландия, Италия, Казакстан, Канада, Кытай, Колумбия, Конго, Латвия, Литва, Мадагаскар, Молдова, Монголия, Нидерланды, Пакистан, Польша, Орусия (Башкортостан, Карачай-Черкесия, Краснояр крайы, Свердлов облусу, Татарстан, Хакасия, Челябинск облусу), Свазиленд, Сербия, Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Уругвай, Филиппин, Финляндия, Чехия, Швейцария, Шри-Ланка, Эстония, Түштүк Корея, Түштүк Африка Республикасы жана Япония", - деп айтылат маалыматта.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Мелдештердин программасы спорттун 23 түрүнөн турат. Анын катарында ат чабыш, ат жарыш, күрөш, улуттук оюндар, салттуу жаа атуу, салбуурун, интеллектуалдык оюндар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
nuridindosmatov
2016-08-25 15:25:18
Куда каласа кыргыздар биринчи болотко дейм....
+2
KGstan1981
2016-08-25 15:29:01
чек араны карагыла
+2
Kuyoo_bala
2016-08-25 15:45:19
KGstan1981,туура айтасын,чек араны сак караш керек.
+1
akyn-jurogu
2016-08-25 15:29:33
Деги Кыргызстан ушунусунда медаль алса экен.
0
Kuyoo_bala
2016-08-25 15:43:57
Охооо...4-5 жылда 200дон ашатго мамлекеттердин саны,ушундай темп менен кетсе.Кыргыздар озун корсото турган мезгил келди,Аллахым озу сактасын жамандыктардан,анча-мынча уяты жокторубуз бар эле...келген меймандарды тоноп,уурулук кылып...кудай озу сактасын.Жакшы жактарыбызды корсотсок,кичипейил сылык болуп,меймандостугубузду корсотуп.Сыймыктанчу оюн болот экен буйруса,океандын ары жагынан,дуйнонун булун бурчунан меймандар келсе.Ураааа...Алга Кыргызым!Озунду корсот Кыргызым!
+5
Rasul1987
2016-08-25 17:13:09
Kuyoo_bala, ушуну ойлоп тапкан АШАга ыраазычылык билдирем , чын ден соолук, узун өмүр каалайм.
+2
kgalik
2016-08-25 23:55:33
Rasul1987,аны Аша тапкан эмес. Ашанын жакшы
пикири жок ХХХ адам.
+1
admin_portal
2016-08-26 09:55:42
kgalik, этика нормаларын сактаңыз!
0
lexus47
2016-08-25 15:54:05
40 мамлекетке чакыруу жасадык дешти эле, 13 мамлекет оз каалоосу менен катышат окшойт ошондо. Кыргызстан бир болсо боп кетебизда жакында)
+3
adilet_3234
2016-08-25 16:19:58
Арасында кочмон эмес мамлекттер да журушот го? мисалы Япония, Беларусия, Америка, Озбекстан дегендей
-3
Azizbek.kg8
2016-08-25 19:36:26
adilet_3234,озбекстан жакынкы кылымдары эле мамлекет болгон .
0
AKCAHAT
2016-08-26 00:26:14
adilet_3234, бизге баары бир эмеспи алар кочобу конобу . Бизге азыр дуйнолук денгээлде таанылганы турабыз абройубуз кичине болсо да которулгону турат,ошонусу маанилуу. Илибой шылтоо мн болуно калган жайыбыз бар да.
-1
adilet_3234
2016-08-25 16:21:44
Жэ баардык мамлекеттерди кочмон кылгайлы калдыкпы....
+1
barsa30
2016-08-25 16:22:42
допинг чыры болбосо болду.
+3
Azamat_15
2016-08-25 17:03:27
Допинг сайынып алып ордо ойношту дебесе болду
-1
nurkasym-2014
2016-08-26 08:17:54
Кочмондор оюунун откоробуз деп чек араны унутуп калышбагай эле.Сак болгула.А оюундарды эн жакшы кылып откоруп дуйного бир дун болсок андан жакшы.
0
Nusii
2016-08-26 17:42:47
Оееее 53 мамлекеттин спортчулары катышса! КТРК Спорт менен КТРК каналы калтырбай баарын туз алып берсе сонун болот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан