Сингапурда айдоочусу жок жүргөн такси пайда болду

Сингапурда автопилот менен жүрүп, жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа пайда болду. Ал азыркы учурда пилоттук режимде иштеп жатканы маалымдалууда.

Аталган унаанын ээси "nuTonomy" компаниясы берген маалыматка ылайык, бул дүйнөдөгү биринчи кызмат болуп, Сингапурдун бийлигинин уруксаты менен иштеп жатат. Бул жөнүндө дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары бүгүн, 25-августта жазып чыгышты.

Жалпысынан шаар боюнча айдоочусу жок унаадан алтоо иш алып барууда. Бул унаалар бир гана уруксат берилген жана токтоочу жайларга, аялдамаларда токтойт.

Учурда унааны текшерүү болуп жатканына байланыштуу ичинде техникалык адис жана айдоочу отурат. Алар тегеректеги унааларга коркунуч жаралган учурда гана унаанын кыймылына кийлигишет. Компаниянын айтымында, 2018-жылга чейин айдоочусуз унаалардын толук кандуу автопаркы түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
MUSA.95
2016-08-25 17:54:17
Шумдугун кургур!
+3
tnt_ostrof
2016-08-25 18:09:00
Эми жакында Сингапурда жолгирени толобой качып кеткендер кобойуудо деген кабарлар чыкпаса болду)))
+3
adi.ali94
2016-08-25 20:08:48
tnt_ostrof,жолгирени отурар замат төлөтсө керек..
0
AKCAHAT
2016-08-26 00:04:27
tnt_ostrof,жол кирени толобой койуу эмес Сингапурда даже жерге тукуруп же жевачка чайнай албайсын. Ар бир 2 метринде камера турат.
0
Arslan12
2016-08-25 18:52:51
Коркунучтуу го!
+1
Magusi
2016-08-26 08:51:49
Ваай сонунгоо.Кечинде такси тозсон ичинде айдоочусу жок.Жинди катынча жалгыз кетип баратсан ээ.Хахагоо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан