Кыргыз улуттук университетиндеги чыр Раиса Атамбаевага жетти

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Чынара Адамкулова тарабынан мыйзамсыз иштер жасалып жатканын окуу жайдын окутуучуларынан турган демилгечи топ 23-августта билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева менен болгон жолугушууда айтып берген.

Эльвира Сариева аталган иш боюнча өкмөт башчыга кабар жеткенин жана министрлик бул тууралуу керектүү ишти жасап жатканын айтты. Ошону менен бирге Адамкулова чакырылганын, ал келгенде маселе толугу менен караларын билдирген. Бирок айрым маалымат булактарына чыккан маалыматтарга иренжиген демилгечи топ кайрадан билим берүү жана илим министрине жолугуу үчүн бүгүн, 25-августта барышканда, "маалымат туура эмес берилип, азыркы учурда маалыматты төгүндөө иштери жүрүп жатат" деген жооп алышкан.

Билим берүү жана илим министрлигинде жүргөн демилгечи топ биринчи айым Раиса Атамбаевага жолугуп, ректор Чынара Адамкулова тарабынан мыйзамсыз иштер жасалып жатканын маалымдашып, бардык документтерди биринчи айымга көргөзүшкөнүн SUPER.KG порталына билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
KGstan1981
2016-08-25 19:03:03
Раиса Атамбаева айтып койгулачы Алмазбек Шаршенович Ункур-Тоону кайтарып берсин.Супер Инфо эмне у-н Ункур-Тоо жон-до маалымат жок же сиздерди дагын Ат амбаевтин зоокурлору коркутуп жатабы.
+35
sher.ella
2016-08-25 19:10:46
KGstan1981,Оа кооп акча берсе керек
+24
Beck_13
2016-08-25 20:32:58
sher.ella,согунуп жазсанар сразу бан калат. Мындай суроого жооп жазышпайт.
+19
Akabai
2016-08-25 19:17:36
Ункур Тоодогу абал эмне болуп жатат бугун маалымат азго супер инфо?
+21
make2
2016-08-25 19:45:14
Раиса Атамбаеванын эч нерсеге укугу жокта, ал прокурор же сотпу?
+23
Aygir
2016-08-25 23:47:28
make2,оозу кыйшык болсо дагы байдын катыны суйлосун!
+8
Mongol1155
2016-08-25 19:53:04
Мына кызык тамаша.1-чи лединин буга кандай тиешеси бар?
+22
gugu2727
2016-08-25 20:07:44
Mongol1155,чын
+11
bema_bema
2016-08-25 20:37:24
Акаев менен Бакиевди сындап коёт АША озу деле калышпай аялын бийлетип койдуго кызын болсо пиарлап суротунон тушкон акча деп алдап звезда кылды
+15
samira8589
2016-08-25 21:43:01
bema_bema,каерде бийлетип коюптур көрөлү
-4
kubanaid
2016-08-25 22:33:30
супердин админи жооп жазбайтго "[moderated]"деп жазсан эскертуу берет же банга айдайт анан Унеур-Тоо жонундо сурасан дудуктай болуп жооп жазышпайт
+8
Arslan12
2016-08-25 23:06:18
Биринчи айым чечет да кооп маселени.
+2
Sirduusezim
2016-08-25 23:13:21
Раиса ким Билим беру министириби
-3
Adi97
2016-08-25 23:29:23
Sirduusezim, Атамбаевдин аялы. Билим беруу министри Элвира Сариева.
-4
kubat_73
2016-08-26 00:01:25
Уй буломду саясатка аралыштырбайм дечу эле го эми Майрамдан калышпай Раиса чыга баштаганбы дейм бийликтин бир жагын чоюп.Биринчи айымдары аралашкан жерден балээ башталчу эле
+3
gugu2727
2016-08-26 09:11:03
Үйүндө отур нары тирилигини кылып
+1
admin_portal
2016-08-26 09:25:12
fatiko1991, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
0
alidan0104
2016-08-26 09:34:16
Чынара Адамкулова Р.Атамбаеванын колдоосу менен иштеп атат деген чындык окшойт да...
+1
anyshka
2016-08-26 15:03:13
Качан Кыргызстандын бактысына чыныгы эркек президент келет.
+1
anyshka
2016-08-26 15:03:15
Качан Кыргызстандын бактысына чыныгы эркек президент келет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан