3-8-сентябрда Балыкчы-Ананьев-Каракол жолунда айрым унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет

Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрынан 8-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында, Булан-Сөгөтү айылында жана Семёновка айылында жайгашкан "Кырчын" этнографиялык шаарчасында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрү маалым.

"Бул иш-чараларга байланыштуу ушул күндөрү Балыкчы-Ананьев-Каракол унаа жолунда оор жүк ташуучу, жүк ташуучу, автобус, кичи автобус, коркунучтуу жүк ташуучу унаалардын жана айыл чарба техникаларынын жүрүшүнө чектөө киргизилет", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан.

"Жергиликтүү калкка киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен карап, ал эми айдоочуларга күнгөй маршруту, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жол каттамы аркылуу сапарга чыгууну сунуш кылабыз", - деп кошумчалаган башкармалык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitenir
2016-08-25 22:12:47
Таксистерге кудай бериптирда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан