Өзбек ИИМи 4 кыргыз жаранын Өзбекстандын аймагында жүрүшкөндүктөн кармашканын айтышты. Бул тууралуу өзбек жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Ошондой эле ал жарандарга Өзбекстандын мыйзамы менен чара көрүлөрү жазылган.
Өзбек ЖМКларынын маалыматына ылайык, 22-августта Наманган облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Чартак районунун аймагында жайгашкан Үңкүр-Тоодо (өзбекче Унгор-Теп) паспорттук режимди текшерүүнү жүргүзүшкөн.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн, Кыргыз Республикасынын телемунарасында иштеген Урманов А.Р., Ташматов Ж.И., Эралиев У.А. жана Усупбаев Н.К. аттуу жарандар кармалган", - деп жазылган басылмада.
"Буга чейинки сүйлөшүүлөргө карабастан, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары 5 айдан ашуун убак Касанай районундагы Урта-Тукай айылынын жашоочуларын курчоого алып, гуманитардык жардамды киргизбей жатышат. Андан сырткары Касанай районунун милиция кызматкерин мыйзамсыз кармап, 10 күн өткөн соң гана чыгарышты", - деген өзбек ИИМи.