Нарын облусу боюнча каражат бөлүнбөй 8 мектеп, 3 бала бакча, 2 мектептин спортзалынын курулушу токтоп турат

2016-жылдын 24-августунда Нарын облусундагы билим берүү мекемелеринин 2016-2017-окуу жылына даярдыгы боюнча облустук коллегиянын отуруму болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Отурумга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана облустук жалпыга билим берүү мекемелеринин жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, акимдер катышканы маалым болду.

"1-сентябрда облуста 141 мектепте, 7 кесиптик лицейде, 9 мектептен тышкаркы билим берүү мекемесинде, 117 бала бакчада балдарды окутуу жана тарбиялоо процесси башталат. Август айында жүргүзүлгөн эсеп боюнча, 1-сентябрда 6087 бала жаңыдан мектеп босогосун аттайт. Өткөн окуу жылынын ичинде окуу-тарбиялоо ишинде бүтүрүүчүлөрдүн билим сапатынын көрсөткүчү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 54,4 пайыз болуп, мурунку жылга салыштырганда 4,5 пайызга жогору болду", - деди өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкери Салия Жолдошова.

Маалыматта республика боюнча бюджеттик каражаттардын 25 пайыздан ашыгы билим берүүгө жумшалса, облуста 2015-жылы жергиликтүү бюджеттин 22 пайызы, 2016-жылы 17,7 пайызы билим берүү тармагын каржылоого жумшалып жатканы белгиленип, атап айтканда, 2015-2016-окуу жылы ичинде облустагы билим берүү мекемелеринин жылдык каржылоосу 1 миллиард 88 миллион 954 миң сомду түзүп, айлык акыларды төлөөдө үзгүлтүк болгон эмес.

Облустагы мектептердин ичинен Жумгал районунда 4, Нарын районунда 2 мектепке 251 окуучу жергиликтүү бийликтин аракети менен ташылып окутулат.

Республикалык бюджеттин "капиталдык салымдар" беренеси боюнча курулушу башталып, каражат бөлүнбөй 8 мектеп, 3 бала бакча, 2 мектептин спортзалынын курулушу токтоп турат. Жыл сайын билим берүү тармагына жаңы имараттар курулуп жатканына карабастан, учурда ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп табылган 26 мектептин, 4 бала бакчанын имараты бар.

Жайкы сезондо облус боюнча 46 жайлоо бала бакчасы - Жайлоо өнүгүү борбору иштеди. Аларга 1422 бала тартылган. Ак-Талаа районунда 1, Кочкор районунан 2 жайлоо бала бакчасы жайкы лагерь катарында иш жүргүздү. Мындан тышкары Кочкор районунун 9 мектебинде 10-15 күндүк мектеп алдындагы лагерлер иштеди. Нарын шаарында жана башка райондордо жайкы эс алууну уюштурууга өзгөчө маани берилген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан