SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Лукашенко Стивен Сигалга сабиз тазалап берди" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Takai).
24-августта америкалык актёр Стивен Сигал Беларусь өлкөсүнө болгон сапарынын алкагында аталган өлкөнүн башчысы Александр Лукашенконун резиденциясына барган. Өлкө башчы резиденция бойлой экскурсия уюштуруп, жадакалса актёрду өзү тазалаган сабиз менен коноктогон. Бул көрүнүш интернетке чыгары менен социалдык тармактардын колдонуучуларынын түрдүү билдирүүлөрү гана эмес, президент менен кино жылдызынын күлкүлүү сүрөттөрү жайылган.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.