Бишкекте Имарбай Ашимов аттуу жаран 5 күндөн бери дайынсыз болуп жатканын анын жакындары 26-августта SUPER.KG'ге кабарлашты. Ал 21-август күнү эртең мененки саат 9дар чамасында Батыш автобекетинин жанында жашаган батиринен чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. 44 жаштагы Имарбай Ашимов Кара-Балта шаарынын тургуну болгон.
Жакындары кайтып келип калар деген үмүт менен аны издеп жатышканын милицияга кабарлаган эместигин айтышты. Эгерде (сүрөттөгү) көргөн-билгендер болсо, 0706 71-03-83 номуру аркылуу кабарлап койсоңуздар.