SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аскер кызматкери менен жашоо кыйынбы?" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Жигитим аскерде келишим менен иштейт. Жакында келишимдин мөөнөтү аяктайт. Ал келери менен үйлөнөбүз деп айткан. Биз сүйлөшүп баштаганда менин көзүмдү карап, эркелетип турчу. Азыр мен ар бир кадамыма жооп берип калдым. Анын басар жери белгилүү, мен эркинмин, бирок көп учурда мен кысылып кетем... Бир таанышым "дал ошондой, ооба" деп гана айтышың керек, эгер мамиле түзсөң" деп айтты эле. Мен да ушуга баратамбы деп ойлонуп калам. "Тур мындай! Эмне чалса албайсың? Кет үйгө, көчөдө көп баспай!" деген сыяктуу сөздөрдү көп угуп калдым. Телефондон көп урушмай болуп алды, бирок эркелетип, жакшы сөз айтып кайра алдап койсо эле унутуп калам. Аскер кызматкерине турмушка чыгардын алдында эмнени эске алышым керек? Билгендер артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу айта кетсеңер жакшы болот эле".
Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Бул жигитиңдин өзүнүн эле мүнөзү. Аскерде иштегендин баары эле сиз сүрөттөп бергендей болуп калган эмес. Биз аскерде жүргөндө офицерлердин үйүнө барып калчубуз, үйүндө назик эле сүйлөшчү, жумушта андай эмес. Биз аскер кызматкери болбосок деле кыздарыбызга көнүп калгандан кийин "менчик болуп калды" деп уруша баштачубуз. Ал сени "ала турган кызым" деп сага сүйөнүп калыптыр. Аскер кызматкери менен деле бактылуу болсоң болот".
"Алдап койгону жакшы экен, бирок алданып калуу бир четинен кыздарга жагат окшойт же менде эле ушундайбы? Менимче, аскер кызматкери менен жашоонун кыйынчылыгы деле жок. Абалыңызды анчалык деле көйгөйлүү деп эсептебейм, андыктан мындан ары да бактылуу болушуңузга тилектешмин. Бир гана жигитиңиз менен сүйлөшө бериңиз демекчимин".
"Мен офицердин жубайымын. Аскер адамына татыктуу жубай болуш сыймыктуу жана түйшүктүү экенин билип алыңыз. Дайыма көчүп-конуп жүрүү, убакыт-сааты жок жумушу, иш сапарлары, деги айта берсе көп. Баарына чыдап, сабырдуу болуш керек экен. Түнбү-күнбү, жадырап-жайнап тамагыңызды ысык кылып тосуп алышыңыз керек, анткени жумушу кыйын, көп нерв коротот. Жигитиңиздин мүнөзүн жумушуна байланыштырбасаңыз деле болот. Балким, кандайдыр бир пайыз таасири бардыр, бирок жумушка кылган мамилесин үйдө көргөзбөйт деле".
"Сүйүү эч бир шартты эске албайт. Азыркы жаштар жаман эле калк болуп баратабыз. Көп учурларды эске алып, зерикпей эсептеп чыгабыз. Жашы, сырткы келбети, иши, мүнөзү, ата-энеси, мүлкү, деги койчу, каралбаган, суралбаган, такталбаган эч бир маалымат калбайт. Сиз ачкан теманын максаты да ушул өңүттөгү суроолордун бирин камтыйт экен. Аскер адамдары сиз жогоруда белгилегенден тышкары орой калк келишет. Сынап көрүү үчүн чынга салып урушуп көрсөңүз болот. Кыз экениңизди унутуп, сөгүп жибериши толук мүмкүн. Көбүнүкү колдору ойноп кетет! Ичкиликке жакын болушат. Мамилеге ашыкча талапчыл, бергенинен жок дегенде актай турган алаканы күтөт. Баарын көзөмөлдөп турганды сүйүшөт, колготкиңиздин калыңдыгына чейин кийлигишкендери бар. Майда-чүйдөдөн өйдө көз салып турушат. Кайсы бир окуяны айтып берип койсоңуз, кийинки жолугушууда сөзсүз ал тууралуу суроо берет. Айта берсе, сөз көп болчудай экен. Бирок сүйүү таза болсо, ал баарын жеңет!"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.