Нарын шаарында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө

Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата 31-августта түнкүсүн кыз-жигиттердин сармерден оюну өткөрүлүп, фейерверк атылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эгемендүүлүк күнү борбордук аянтта салтанаттуу аскердик жүрүш өткөрүлөт. Мындан сырткары улуттук оюндар ойнотулат. Майрамдык салтанаттын жүрүшү концерттик программалар менен коштолуп турмакчы.

"Нарын шаарында Эгемендүүлүк күнүнүн 25 жылдыгын кызуу белгилейбиз, анткени элдин көңүлүн көтөрүп, жашоого болгон кызыгуусун күч алдыруу - негизги максатыбыз. Бул күнү иш-чаралардын жыйындысында атайын фейерверк атылып, түнкү Нарын көрккө бөлөнөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, учурда Нарын шаарында майрамга карата иретке келтирүү, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zevs
2016-08-26 21:06:59
Siler mayramdap jurobergile ozbekter kyrgyzdin jerin urdap ketebersin silerge tamak aw kursak,toyso boldugo mamlekettin emne keregi bar.
-1
Medina87
2016-08-27 09:55:28
Фейербек аттырып майрамдар да отоор...
-1
Medina87
2016-08-27 11:03:46
Фейерверкти атайын озгортуп жазганымды тушунуп окуучулар бардыр... Себеби тойго шылтап канча деген Окмоттун адамдары Окмоттун тойго болунгон акчасына тойлоп жатаары, ал эми карапайым калктын канча деген катмары той эмес кунумдук жашоосун ойлонгону...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан