Бишкек шаарындагы Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки аралыгы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мэриянын маалыматына ылайык, оңдоп-түзөө иштеринде жаңы ирригациялык лотоктор, атайын бордюрлар орнотулган. Мындан сырткары унаа токтотуучу жайлар, жөө жүрүүчүлөр үчүн жол курулган. Ал эми айдоочулар үчүн жол коопсуздугун сактоо максатында жол белгилери коюлган. Алдыда Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки аралык оңдолмокчу.