Президент Алмазбек Атамбаев 26-августта Бишкек шаарында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери үчүн курулган көп батирлүү турак үйдү тапшыруу аземине катышты. Мамлекет башчысы аскер кызматчыларын жаңы конуштары менен куттуктап, Кыргыз мамлекетинин эгемендигинин алдында болуп жаткан бул жөрөлгө жаңы батирлердин ээлери сыяктуу эле өлкө президенти үчүн да кубанычтуу окуя экендигин белгиледи.
Алмазбек Атамбаев мамлекет журт башына кыйынчылык түшкөндө колуна курал алып, эл-жерди коргой турган, тынчтык мезгилде жарандардын коопсуздугун камсыз кылып жаткан мекен сакчылары жөнүндө камкордук көрүүгө милдеттүү экенин айтты. Мамлекет башчысынын айтымында, кийинки 2 жылдын ичинде миңден ашуун аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү батирлүү болушкан. Бул иш мындан ары да улана берерин белгиледи.
Аскер кызматчыларына жаңы батирлердин ачкычтарын, ал эми Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевге үйдүн алдында балдар ойноочу аянтты куруу үчүн 300 000 (үч жүз миң) сомдук сертификатты тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Бирок маалыматта канча батир берилгени айтылган эмес.