Бүгүн, 27-августта Кербен шаарында митинг өткөрүлөт. Жергиликтүү активист Жанарбек Надырбековдун SUPER.KG'ге билдиришинче, учурда Аксы районунун акимчилигинин алдына 500дөй киши чогулду. Митингде негизинен эки талап коюлат. "Үңкүр-Тоо Кыргыз мамлекетинин жери, ошондуктан Үңкүр-Тоону коргоо жана өзбектер кармап кеткен 4 жаранды тез арада бошотуу талабын коёбуз. Акимчиликтин алдына 500дөй киши чогулуп турат. Митингге айрым коомдук ишмерлер келишмек, ошолорду күтүп жатабыз", - деди Надырбеков.