Жалал-Абад шаарындагы "Береке" базарынын жанындагы милиция бөлүмүндө бир жыл бою айрылган абалда илинип турган мамлекеттик желек "ЭЛДИК КАБАРга" чыккандан кийин гана жаңыланды. Окурман 23-августта SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кайрылып: "Бир жылдан бери ушул абалда илинип турат. Эмне үчүн алмаштырып коюшпайт, кудуреттери жетпейби?" - деп милиция бөлүмүндө иштеген кызматкерлерди сындаган. Окурман бүгүн байланышка чыгып, желек жаңыланганын айтты.