Бүгүн Кербен шаарында Үңкүр-Тоо маселеси боюнча митинг аяктап, чогулган эл тарап кеткенин жергиликтүү активист Жанарбек Надырбеков SUPER.KG'ге билдирди. Бийлик өкүлдөрү элден маселени чечип алуу үчүн убакыт берүүнү суранган.
"Митингге келгендер менен бийлик өкүлдөрү жолугушуп, Үңкүр-Тоону коргоо жана өзбектер кармап кеткен 4 жаранды бошотуу боюнча талаптарды угушту. Андан кийин маселени оң жагына чечүү үчүн убакыт керектигин айтышты. Чогулган эл "убакыт берели, чечкиле, чече албасаңар өзүбүз чечебиз" деп тарап кетти", - деди Надырбеков.