Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Константин аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жаранына турмушка чыккандыгы тууралуу социалдык баракчаларынын бирине жазып чыккан. Андан көп өтпөй орусиялык басылмалардын бирине берген маегинде Шагиева турмушка чыгып, 27-августта Бишкектеги ресторандардын биринде болгону 30 адамдын курчоосунда үлпөт тою өткөнүн айткан.
Кечээ, 14-сентябрда "Кыргызтудэй" басылмасы өлкө башчынын кызынын үлпөт тоюнда аз сандагы коноктордун арасында Өмүрбек Бабанов да бар экенин жазган.
"Той кызый баштаганда Алмазбек Атамбаев баш кошуп жатышкан Алия менен Константиндин өкүл атасы Өмүрбек Бабанов болот деп жарыялаган", - деп жазган басылма.