3-4-декабрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет Бириккен Улуттар Уюму менен биргеликте эл аралык туризм форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында бул форум Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп, 300дөй спикер жана эксперт келет.
"Эл аралык форумдун алкагында биз туризмди кантип өнүктүрүү керектигин талкуулайбыз. Мындан тышкары, кыргызстандын айымдарынын туризмге кошкон салымы жөнүндө дагы сөз болот",- деди Кубатов.