Биз социалдык тармакта

ЖЫЛНААМА, 25-ноябрь: Мирбек Иманбеков 41 жашка толду (видео)

Бүгүн, 25-ноябрда кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков 41 жашка толду.

Ал Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чоң-Кара-Буура айылында 1985-жылы туулган. Ырчы "Таластык кыз" ыры менен сахнага кадам таштап, кыска убакыттын ичинде элдин сүймөнчүгүнө айланган.

Мирбек Иманбеков Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун хордук-дирижёрдук бөлүмүндө билим алган. Ал "Сүйүүнүн керемети", "Секелегим", "Түн чүрөгү" сыяктуу ырлары менен таанымал.

Ырчынын кызы Арууке Иманбекова атасынын туулган күнүнө карата бала кезиндеги кадрлар камтылган видеону бөлүшүп, жылуу тилектерин жазды.

"Кезинде мен кичинекей кыз болсом, сен биздин жалпы тарыхыбызды жаңыдан жазып баштаган жаш ата элең. Убакыт билинбей өтүп, мен чоңойдум, өзгөрдүм, жетилдим. Бирок канча жашка чыксам да, сен үчүн дайыма кызың бойдон калам.

Ата, сага узак өмүр, ден соолук, жан дүйнө тынчтыгын жана ар бир күнүңдө бакыт каалайм. Жараткан сени сактасын, жашоо сага бизге тартуулаган бардык жакшылыктарыңды кайтарсын. Балалыгым үчүн, бардык эскерүүлөр үчүн жана менин жашоомдо дайыма бар болгонуң үчүн рахмат. Мен сени абдан жакшы көрөм, ата. Туулган күнүң менен!",- деп куттуктады.

Мирбек Иманбеков 41 жашка толду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан