Чүй облусунун Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев жана Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Майлибашев бул кызматка алгач 2021-жылдын 10-июнунда шайланып, кийин 2024-жылдын 2-апрелинде кайра дайындалган. Ал эми Кулубаев Баткенге мэр болуп 2025-жылдын 7-ноябрында барган.