SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Мектеп формасын бирдей кылган сунуш" деген тема талкууга алынууда. Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Мектептерде бирдей форма кийгиле дегени менен, баары андай кылган жок окшойт. Кээ бир эле мектептер макул болгону менен, айрымдары кийбей эле коюшту".
"Биздин мектеп да бирдей форма кийүү чечимин кабыл албай койгон. Мектепте 1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын баары көйнөк-фартук кийишет".
"Эгерде ошол жаңы формасы сапаттуу болсо, баары эле алышмак. Эптеген бир форма экен, аз эле убакыттан кийин тамтыгы калбайт".
"Аймактарды карасак, айылдарда кээ бир үй-бүлөдө 3-4 бала мектепте окуйт. Алардын ата-энеси ар бирине андай форманы алып бере албайт. Алып берген ата-эненин чөнтөгүн жакшы эле кагып койду. Биз кичинебизден ага-эжелерибизден калган мектеп кийимдерин эле кийип чоңойгонбуз".
"Менин оюмча, кыйын деген мектептер ал формадан баш тартышты. Анткени окуучуларга билимди берүүдө кандай кийим менен мектепке келгени чоң маанини деле бербейт. Эң башкысы - билим".
"Балам Бишкектеги мектептердин биринде окуйт. Биз да форманын баасы кымбат болгонунан 1-сентябрда ак көйнөк, кара шым менен барсак, форма кийүү талап экенин айтышты. Анан кайра базарга форма алганы жөнөдүк. Баасынын кымбаттыгын сурабагыла, 2300 сом. Сатуучулар "эркек балдардын формасы аз болуп жатканына байланыштуу кымбатыраак, кыздардыкын алсаңыз 1700 сом болот" деп бизди таң калтырды. Бааны көзөмөлдөгөн киши жок. Комплекттин баасын эсептей келгенде учурдагы базардын бааларына туура келбей жатат: кошумча боз шым ала турган болсоң 350 сом турат экен. Ошондо 2300-350=1950 сом (жилет менен пиджак). Ошол кичинекей балдардын пиджагы менен жилетине 1950 сом кетет. Тигүү цехинде конвейер менен тигилгенде баасы жалгыздан тиктиргенге караганда арзаныраак болот. Бир нерсе десең, "саймасы бар" дейт экен, кенедей сайманын баасы арзан эле болсо керек. Формада кеп жок, сапаты деле, көрүнүшү деле жакшы, бирок баасы көпчүлүгүбүздүн чөнтөгүбүзгө туура келбейт да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.