Баткен облусунун Кадамжай районунда чек ара эки тараптуу жабылганына байланыштуу малчылар жайлоодон келе албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Кадамжай районунун акиминин орун басары Жаныбек Исаков билдирди.
"Жайлоого чыккан мал Өзбекстандын Шахимардан анклавы аркылуу өтүп келген. Учурда чек ара эки тараптуу жабык болгонуна байланыштуу малчылар жайлоодон келе албай жатат. Бүгүн 15ке жакын тургун чогулуп, райондук администрацияга маселени чечип берүү талабы менен келген. Биз бул маалыматты буга чейин эле өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө билдиргенбиз", -деди Исаков.
Маалыматка ылайык, Өзбекстан тарап чек арасын 25-августта Эгемендүүлүк майрамына карата жапкан. Ал эми Кыргыз Республикасы тараптан чек ара Көчмөндөр оюндарына байланыштуу жабылган. Учурда чек ара эки тараптуу жабык.
"Малды жайлоодон алып келүүгө кошумча жол бар, бирок ал жол менен бодо малды айдап келүү кыйынчылыкты жаратат. Буга кошумча өзбек аскерлери анклав аркылуу өткөн суунун агымын азайтып, таш менен жабышкан. Андан кийин бул маселе чечилген. Учурда суу толук кандуу агып жатат. Ал эми чек ара маселесин чечүү биздин жумушубуз эмес", - деп кошумчалады Исаков.