Испанияда машинист жумуш күнү аяктаганы үчүн 100дөн ашуун жүргүнчүсү бар поездди жарым жолдо токтотуп койгон

Испаниянын Сантандер шаарынан Мадридди көздөй сапар алган поезддин машинисти "жумуш күнүм бүттү, мындан ары жүрүүгө мыйзам жол бербейт" деп 100дөн ашуун жүргүнчүсү бар поездди жарым жолдо токтотуп салган. Поезддин эшиктери 5 сааттан соң Жарандык гвардиянын кызматкерлери келгенден кийин ачылган. Андан соң станцияга автобустар келип, жүргүнчүлөрдү даректерине жеткирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Темир жол компаниясы жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, билет акысын төлөп берүүнү убадалаган. Машинисттин кылыгы боюнча учурда иликтөө иштери башталган. Ал эми машинист Эмгек кодексинин алкагында иш жүргүзгөнүн, мыйзамды бузууну каалабаганын жана көп саат иштөөнүн айынан болгон жол кырсыгын алдын алуу үчүн ушундай кадамга барганын айткан. Ал башчысына жумуш күнү бүтүп баратканын айткан, бирок компания анын ордуна кимдир бирөөнү дайындоого жетишкен эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
abusait
2016-09-15 15:15:04
Бир аз жетишпейтко чамасы машинистке. Эми мыйзам жазалайт аны.
-18
omka100514
2016-09-15 15:22:15
abusait,машинист өзү мыйзамга ылайык иштесе, эмнеге аны жазаламак эле. Наоборот темир жол компаниясы жооп бериш керек, машинисттин жумуш убактысы бүттү значит ордуна бир адам келип замен болуш керек эле да
+19
abusait
2016-09-15 15:54:45
omka100514, Кырсык болуп 100 Адам кырылып калганда эмне болот эле? Кан басымдары которулуп тушуп калгандачы? Мындай машинист самолетто уча корбосун. Парашюттан секирет элдерди таштап .Баарибир тура эмес кылган машинист.
-8
omka100514
2016-09-15 17:00:47
abusait," Ал эми машинист Эмгек кодексинин алкагында иш жүргүзгөнүн, мыйзамды бузууну каалабаганын жана көп саат иштөөнүн айынан болгон жол кырсыгын алдын алуу үчүн ушундай кадамга барганын айткан."-деп туратго кабарда, бираз түшүнүп анан жазчы, ал поездин эшиктерин жаап кеткен, бирөө жарымы түшүп алып кырсыктабасын деп

+2
abusait
2016-09-16 10:52:48
omka100514,ошол 100 адамдын ичинде сенда болуп, ажаткана таппай 5 саат отурганында билет элен.
0
Asadulla
2016-09-17 23:21:35
abusait,таксырым бир Ааз деген соз сизге тийип кетет Экен жазганыныздан
0
Komrad
2016-09-15 15:45:02
Эң туура кылыптыр.
+9
FSB
2016-09-15 16:35:05
Wow, molodez!Tuura kylgan.
+2
Gena1
2016-09-15 17:39:32
Ошондой мыйзамды сактаса станциядан жылбай турса болмок экен, ортодо жургунчулорду кыйнап, жарым жолго таштабай...
+1
Asadulla
2016-09-17 23:24:01
Gena1,мен убактым бутот деп кылбай турат беле , анда мыйзам га башка ийбеген болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан