Алмазбек Атамбаевдин Текебаев айткан Кой-Таштагы хан сарайы (фото)

Бүгүн, 15-сентябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында үй куруп жатканын билдирген. Анын айтымында, аянты 27,15 гектарга барабар жер тилкени президентке Бишкек мэри Албек Ибраимов берген. "Жер "Дастан" ачык акционердик коомуна таандык болуп, кийин 2008-жылы Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер болуп турганда Анарбек Укуев дегенге катталган. 2010-жылдан кийин башка тараптарга катталып, 2015-жылы 7-майда мэр Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимованын атына катталган. Андан кийин 12-майда Алмазбек Атамбаевдин наамына өткөрүлүп берилген", - деген Текебаев.

Андан көп убакыт өтпөй эле КСДПнын лидери Иса Өмүркулов Атамбаев жер тилкени Ибраимовдун үй-бүлөсүнөн мыйзамдуу түрдө сатып алганын айтып чыккан. Өмүркуловдун айтымында, жердин аянты 27,15 гектар эмес, 2,5 гектар. "Белекке алган деп түздөн-түз каралап жатат. Атамбаев акчага сатып алган", - деп жооп берген КСДПнын лидери.

Мындан улам коомчулукта "Президент өзүнө кандай үй куруп жатат?" деген суроо жаралды. "Азаттык" маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, Кой-Таш айылы бүткөн жолдун жээгиндеги бийик дубалдуу ак имарат - президенттики делген үй. Аны аскер формачан күзөтчүлөр кайтарып жатышканы белгилүү болду. Жергиликтүү тургундар журналисттерге курулуш жүрүп жатканына үч ай болуп калганын айтып, ушул сентябрда аяктай турганы күтүлүп жатканын билдиришти. "Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү Алмазбек Атамбаевдин там салып жатканы боюнча кепти тастыктаган да, четке каккан да жок", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (78)
ruslanz
2016-09-15 17:10:25
Ушунун баарын силер Текебаевдин созуно ишенип айтып жатасынар. Ал канчалык чын айтып жатат билбейбиз да.
-7
joysin777
2016-09-15 17:22:26
ruslanz,сен кайсынысына ишенбей жатасын хан сарай салып жатканынабы аны даже сам президент не отрицает
+10
ruslanz
2016-09-15 19:00:03
joysin777, Салсын. Президентмин деп там салбай коймок беле. Ишенбейм деп, ал жер белеке келген, коррупция жыттанып жатат дешендерге айтып жатам.
-10
gulperi.kg
2016-09-15 17:22:59
Мындай сарайды жонокой адамдар деле салып жатпайбы.Салса салсын эми ошону да коро албайт.Бироонун ийгилинине кубанбаган адам озу да ийгилике жетпейт.
-8
Revolyutsiya
2016-09-15 17:28:36
gulperi.kg, жонокой карапайым эл 2-3 комнат жонокой уйго жетиш учун 5-10 жылдап Россиялап журот, бир омур иштесе да мындай уйго жетпейт... Азыр Кыргызстанда ушундай хан сарай салгандардын 90% элден уурдаган тоногон акчаларына салып жатат эгер ошону билбеген болсон...
+13
ruslanz
2016-09-15 20:21:01
Revolyutsiya, 2-3 комнат уйу барларды бут жегичтер деген туоасынбы. Арасында эмгеги менен алгандар коп эле. Билимин жок болсо (экзамендерди акчага бутуруп диплом алып албай) кара жумуш кыласында, ага ким куноолу.
0
aziziko
2016-09-16 07:29:39
Revolyutsiya, Эмне Таджикстандын президентти салдырбайбы андай уйду ? Таджикстан деле кедей жашайт
-7
almaz2880
2016-09-15 18:37:43
Албек Ибраимовду жакшылап казса коп нерсе чыгат нормальный адам фамилиясын атын озгортпойт болуш керек Албектин озунун аты Эркин АША нын окул баласы бекеринен мэр болгон жок да
+7
sabyr86
2016-09-15 18:45:23
Салсын анан эмне келпейген кепеде жашасынбы? Президент эмес мындайраак акимдердин үйүн көрсөңөр укмуш салып алышкан.
-8
Mercedes202
2016-09-15 21:56:48
sabyr86,туура
-5
ruslanz
2016-09-15 19:08:52
Ушу бизде коро албастыкты жакшы оздоштургонбуз. Там салып жатат деп. Президентби, жон адамбы там салат. Бул нормалдуу эле корунуш. Ушу Текебаев элдин башын айландырып бутту. Тышкы карыз коп дептирсинер. Онуккон олколордун деле карызы болот. Эн башкысы бизде тынчтык бар.
-10
Frunze74
2016-09-15 19:18:10
ruslanz, Атамбаев шефиндин былыктары ачыла баштаптыр го, бул али чекеси, жакшылап чукуса 7-апрелден кийинки жоруктары менен Батыров, Текебаев учоо аш жегенине чейин чыгат... Атамбаев шефин хан сарайын Ункур-Тоону саткандан тушкон акчага салдырып жаткан жокпу?! Чё то подозрительно...

Президент номер 1 коррупционер болсо "жыргап" жургонубуз ошондон экен да...
+7
ruslanz
2016-09-15 20:02:13
Frunze74, Мен мам. жумушта иштебейм. Кызык эмнени каалап жатасынар согуштубу. Стабилдуулук болбой турса экен деп козун кызартып тургандар толтура. От менен ойнобойлукчу. Андан коро эмгектенгиле. Ошондо жашоонор жакшы болот.
-6
Frunze74
2016-09-15 20:30:26
ruslanz, Сенин оюнча бир миллиондой мигрант тышта иштебей эшек такалап журобу?!! Алтын-кумуш койбой саттынар, элди кышында жарыксыз коюп сууну да саттынар, эми бийлик жерди сатып отурат, бул кетиште ошонун айынан согуш чыгат, бийлик ошону каалап жатат эл же мен эмес!!! Атамбаев кайсы жерге кайсы акчага хан сарай салып жатканын эл билип тушунду, Атамбаевди актаганда эмне, анын "саясий карьерасы" бутту, вопрос в том что аны жегенин "кустураар" Азаматтар бийликке качан келээри.
+9
ruslanz
2016-09-15 20:53:53
Frunze74, Андай азаматтар жок.Баягылардын эле бироо келет. Сен бирди корсотчу мен кош колдоп колдойун. Чет жакта эшек такалап жургондор толтура. Айылда жерлери иштетилбей, короолору бош турат.
-9
Frunze74
2016-09-15 21:10:45
ruslanz, начар адам экенсин, абийир-намыс калбаптыр, шефинди актайм деп бут элди жаманга чыгарып жатасын... Айылда жерлер киреше бербегени учун иштетилбей жатат, дыйкандардын унун уккан бийлик жок. Кыргызстанда маяна ото аз, жакшыларына пара сурайт. Ошол учун диплому бары да жогу да мигрант, алар эшек такалабай эле Кыргызстанды, анын ичинде бийликти багып отурат. "Эшек такалап" деген соз 120 депутат, Окмот жана президентке жарашат. Ункур-Тоо маселесиндеги позициясын карасак..
+12
ruslanz
2016-09-15 21:43:09
Frunze74,менин атаман башка шефим жок. Жерди иштеткенди билбесе актабайт да. Америкага барсан деле ошол, тытынып иштешин керек. Эшек такалап деген созду сен биринчи жаздын
Мен бийликтегилерди актаган жокмун, озубуз да кемчиликтер толуп жатпайбы.
-3
BubleGum
2016-09-16 12:17:45
ruslanz, тезек тергиле деп оозунуздан чыга жаздады ээ ))))
+9
nargis
2016-09-15 19:33:34
Тынчтык керек Кыргызстанга кыргызга
Жердештерим жашайлычы тынчтыкта
Бир туугандар кайрыламын силерге
Онугуунун жалгыз жолу тынчтыкда
+9
hann
2016-09-15 21:02:44
Эй кудайга тобоо кылдым. Билермандар коп окшойт. Кимде кандай кыныр иш бар экенин аябай Жакшы билет экенсинер. Кебетеси баарынар биригип алып кылган окшойсунар го деп койдум... Уй боюнча айтсам, Карабалтада палчаным бар. Эч жерде башчы эмес, депутат эмес. Жон гана кыргызстандын жарааны. Сыртта мигрант дагы эмес. Бирок мындай уйдон кем калбаган уйду салып жатат. Иштесен тиштейсин дейт го. Болгон сыры малдын тилин Жакшы билет. Анча мынчалар жеп кетти ичип кетти деп Текебаевге кошулуп сасыйсынар.
-7
hann
2016-09-15 21:15:36
Текебаевдин эч нерсеси жок бир байкуш, бакырайган коздору учун эл депутат кылып шайлап койгон ар кимдин былыгын чукуй жур деп. Уйу да машинасы да байлыгы да жок. Байкуш ак иштеп так журот, эмне кылсын оз кызыкчылыгы учун элдин башын айлантканды уйронуп алыптыр. Убал эле болду Текебаевге акыркы кундору ар кимди эле сузгулоп жатат олосун, тирилесин, кетесин деп эле...
+1
hann
2016-09-15 21:26:44
Текебаев кабарчы болуп албаптыр да. Кимде кандай байлак Жана кайдан келгенин кабарлап, элге жайып турганга.
+1
anyshka
2016-09-16 12:25:08
Дагы жакшы жок дегенде бир киши бар жепжеп жуткандарды айтып турган. Кошомат кылбай. Атамбаевдин айланасындагылар бут кошоматчылар. Эртен президенттен тушсо чыгышат да туурамес иштеген деп. Эл коруп эле атпайбы.
+8
anyshka
2016-09-16 12:25:15
Дагы жакшы жок дегенде бир киши бар жепжеп жуткандарды айтып турган. Кошомат кылбай. Атамбаевдин айланасындагылар бут кошоматчылар. Эртен президенттен тушсо чыгышат да туурамес иштеген деп. Эл коруп эле атпайбы.
+8
Arslan12
2016-09-15 23:37:19
Комментарийдеги талкуулар кызык болуп кетти го президенттин уйуно караганда!
+3
aydinnur
2016-09-16 09:40:45
салбай эмне болуптур,20 жылдык бизнеси бар киши...Ала Арчадагы вип городокту көрбөпсүңөр,же Ленинград көчөсүндөгү өзбектердин тамдарын,ага караганда ажону кепе эле болуп калат..жамбашты көтөрүп иштегиле бирөөгө ич күйдүлүк кылбай.....
-8
simone
2016-09-16 11:42:01
Атамбаев тузук экен Кыргызстанга уй салса, башка кучтуулор качкандын аракетин коруп чет олкого уй салышат.
-11
Sharos3
2016-09-16 14:59:07
simone,
Аа кыргызстанга эле салыптырбы
+6
netsa
2016-09-16 22:36:44
Текебаев шордуу кедей-кембагал киши да.Озуно катталбаса да туугандарына каттатып,катып койгон тумондогон байлыгы жаткан чыгаар жашырылып.Элди ойломой жок,бийликке эптеп жетишсе болду бирин-бири чукумай!
+1
netsa
2016-09-16 22:38:25
сасык саясатты окусам журогум айланат. Качан карасан бири-бирин жамандап,укуп-чукуп атканы! ХХХ
0
take19
2016-09-16 22:39:59
Бири-бирин чукушканы жакшы болду. Былыктары чыгып. Кийинкилерге сабак болуп таза иштеп калышсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан