Жогоруда сиз көрүп тургандагыдай сүрөттөлүш Бишкек шаарында 16-17-сентябрь күндөрү катталмакчы. Бул күндөрү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусу орун алат. Асфальт үстүндө желдей сызган жип минген башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү Кыргыз Республикасы тууралуу жакшы пикирде кетүүсү үчүн учурда болгон аракеттер жумшалууда.
Саммитке Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын президенти Серж Саргсян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышарын билдиришти. Отурумга Молдовадан премьер-министр, Өзбекстандан тышкы иштер министри, Түркмөнстандан биринчи премьер-министр, Украинадан элчи катышмакчы.
Бийлик коноктордун жолдогу, шаардын ичиндеги жана "Ата-Бейит" тараптагы "кооздукту" көрүп, жакшы пикирде кетүүсүн шарттап жатып, бир топ көйгөйлүү маселелерге көз жумганы байкалып турат. Төмөндө бир катар мисалдарды сунуштайбыз.
КӨПКӨ БАРЫП ЧЕЧИЛГЕН ЖОЛ МАСЕЛЕСИ...
Саммитке даярдык алкагында биринчи кезекте чечилчү маселе жолго байланыштуу болду. Жарык тегиз берилбеген, бирде чуңкур, бирде өйдө болгон жолду оңдоп-түзөө иштери июль айында бүткөрүлгөн. Бирок өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков оңдолгон жолдун сапаты эл аралык эмес, аймактык талапка да жооп бербей турганын белгилеген. Мындан кийин кемчиликтерди жоюу милдети жол курулушун моюнга алган компанияга жүктөлгөн. Бул жумуштар июль айынын аягында барып аяктады. Натыйжада транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров сөгүш алган.
Жолдун эки капталында айдоо жерлери болгондуктан, жай бою бул тегеректен дыйкандарды көрүүгө болот. Эгиндер жыйналып, талаа ачылган соң ал жерге мал жайылып, уйлар, жылкылар жолду маал-маалы менен кесип өтүп турушат.
КӨЗ ЖАЗДЫМДА КАЛГАН ЖАРЫКСЫЗ, СУУСУЗ КОНУШ
Аэропортко жакын жердеги Учкун-2 конушунун тушунда тосмо орнотулду. Муну менен бийлик конуштун элинин көйгөйүн көз жаздымда калтыргандай болду. Албетте, "тосмо унаалардын үнүнөн уктай албаган элдин тынч уктоосун шарттоо үчүн тургузулду" деген бийликтин жомогуна ишенчү заман эмес. Тосмонун ары жагында толгон көйгөй жатат. Орчундууларына токтолсок, бүтпөгөн курулуш, таза суунун, электр жарыгынын жоктугу...
Конуштун тургундары менен баарлашып, тосмо тууралуу сурап көрдүк. Алар "Ары жагын го укмуш кылышты, берки бетиндеги иретсиз көрүнүшкө ким жооп берет? Казылган жери казылган бойдон калды" деген сөздөргө токтолушту.
Конуштун тургуну Жамила Бошкоева буларды айтып берди: "Бир чети корообуз элге көрүнбөй калганы кубандырат. Буга чейин иретке келтирилбеген короону карап уялчубуз. Жумушту аягына чейин чыгарып, тосмонун биз жак капталын да оңдоп чыгышса жакшы болмок".
4 айдан бери ушул аймакта үй салып жаткан Сапарбек Тилебаев тосмону курууда автоунаанын кирип-чыгуусун шарттаган жол жабылып калганын айтат. "Башта 8 метр бош орун калтырышкан. Кийин бул жакты да тосуп салышып, айдоочулар тосмону айланууга мажбур болушууда. Бул жерден жөө адам гана өтө алат", - дейт ал.
Фучик-Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде турган жашыл түстөгү тосмо да көңүлдү бурат. Бул дагы кадырлуу конокторго шаардын кире беришиндеги кыйрап калчу абалдагы үйлөрдү көрсөтпөөнүн амалы болсо керек деген ойго жетелейт. Муну бийлик жөн гана "шаарды көрктөндүрүү үчүн жасалган иш" деп расмий маалымдайт. Болбосо коноктор өтпөй турган жолдордо кандай гана көрүнүштөргө туш болбойсуң: "Ош базардын" жогору жагындагы жайма базарлар, айдоочулар баштыгыңды кошо талашкан автобекет жана башка...
ЖАШЫЛ ТҮСКӨ БОЁЛГОН БАЛАТЫЛАР
Орус бийлигинен үрккөн элдин аёосуз кырылганына быйыл 100 жыл толду. "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Үркүн окуясында курман болгондордун элесине арналган эстелик тургузулган. Орусиянын президенти Владимир Путин эстеликти көрүүгө ниеттенгени маалымдалган. Андыктан бул жайды да жымсалдоо иштери жүрүп жатат.
Буга чейин "Манас" аэропорту тараптан "Ата-Бейит" мемориалдык тарыхый комплексинин маңдайына арчалар көчүрүлгөн. Алардын куурап жатканын Транспорт жана жол министрлиги четке кагып, баары жайында деген маалымат берген. Ооба, Путин да арчалардын жашыл экенине ишенип, "баары жайында" деген пикирде кетет, себеби куурап жаткан арчалар жашыл түстөгү сырга боёлгон.
Бул тамашалуу түрдө айтканда, 21-кылымдагы эң маанилүү ачылыш болду окшойт. Идеяга "беш" деген баа бергенибиз менен, боёкчулардын ишине андай баа берүү мүмкүн эмес, себеби бир караганда эле анын сыр экени көрүнүп турат. Арчанын конокторго көрүнбөгөн тарабы куурап, эбак эле боз түстү алган. Бул тегеректегилердин айтымында, арчалар 1 түндө жапжашыл болуп калган.
Путиндин Орусиянын мурунку президенти Дмитрий Медведевден айырмаланган бир сапаты бизди уяттан сакташы мүмкүн, анткени ал "Айфонун" кармап, арчанын фонунда сүрөткө түшөм дебейт. Идеянын авторлорунун бактысына жараша, ал караңгылатылган терезеден гана карап, "арчанын табигый түсү ушундай экен" деген ойдо кетсе керек...
Президенттер Ч.Айтматов кең көчөсү аркылуу резиденцияга жөнөшмөкчү. Андыктан совет доорунан калган көп кабаттуу үйлөрдүн да тышын сырдоо иштери күтүүсүздөн жүргүзүлдү. "Терезелерди жапкыла, дубал сырдалат" деген эскертүү берилгенин үйдүн жашоочулары интернет аркылуу айтып чыгышкан. Ал эми ошол маалда үйүндө жок болуп калгандар кийин нааразычылыктарын жашырышкан жок. Алардын терезелери бүгүнкүгө чейин тазаланбай турат.
КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!
Өлкөдө чечилбей жаткан көп көйгөй бар. Бирок 6 өлкөнүн президенти келет дегенде 6 миллион элдин кызыкчылыгы экинчи планда калгандай болду. Билесиздерби, бул элибиздин мектеп партасынан алган тарбиясы десек болот. Эсиңиздедир, окурман, "райондон комиссия келет" дегенде билек түрүп класстарды сырдап, шашылыш ишембилик өткөргөнүңүз... Же мектеп директору ачык сабакка катышат дегенде тентектикти коюп, өзүңүздү тааныбаган абалда жоош болуп калганыңыз... Бирок келген комиссия кетет, убактылуу кооздуктан арылган мектеп мурунку таз кейпин кийгенин улантат.
Эмне дейбиз, кош келиңиздер, саммиттин катышуучулары! Бишкек сиздерди тосуп алууга даяр...